Пётр I
From Wikipedia, the free encyclopedia
Улуу Пётр I (Пётр Алексе́евич Рома́нов; 30 май (9 июнь) 1672-жылы — 28 январь (8 февраль) 1725-жылы) — Романовтор династиясынан чыккан Бүткүл Русьтун акыркы падышасы (1682-жылдан) жана биринчи Бүткүл Орусия Императору (1721-жылдан).
Пётр I Алексеевич | ||||
Петр I потрети. Поль Деларош (1838) | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
25.04.1682 — 22.10.1721 | ||||
Таажыланышы: | 25.06.1682 | |||
Регент: | Софья Алексеевна | |||
Тектеш башкаруучуь: | Иван V | |||
Андан мурунку: | Фёдор III Алексеевич | |||
Андан кийинки: | Наам жоюлган | |||
| ||||
22.10.1721 — 28.01.1725 | ||||
Андан мурунку: | Наам түзүлгөн | |||
Андан кийинки: | Екатерина I | |||
Дини: | Православие | |||
Туулган жылы: | 30 -май 1672(1672-05-30) | |||
Туулган жери: | Москва шаары Орус падышалыгы | |||
Каза болгон жылы: | 28.01.1725 Санкт-Петербург шаары Орусия империясы | |||
Каза болгон жери: | Санкт-Петербург шаары Орусия империясы | |||
Уруусу: | Романовтор | |||
Атасы: | Алексей Михайлович | |||
Апасы: | Наталья Кирилловна | |||
Жубайы: | 1) Евдокия Лопухина 2) Екатерина Алексеевна | |||
Балдары: | 1) Алексей Петрович 2) Анна Петровна Елизавета Петровна Пётр (кичи кезинде каза болгон) Наталья (кичи кезинде каза болгон) калгандары ымыркай кезинде каза болушкан | |||
Автограф: | ||||
}
1682-жылы 10 жашар Пётр падыша жарыяланган. Бирок 1689-жылы гана бийликти өзү башкара баштайт[1]. Жаш кезинен илимге жана чет өлкөлүктөрдүн жашоосуна кызыгуусу болгон.
Пётр орус падышаларнын ичинен биринчи болуп (1697—1698-жылдары) узак убакытка Батыш Европага саякаттайт. 1698-жылы Пётр Европадан кайтып келип, Орусияда чоң ийгиликтүү реформаларды жүргүзөт. Пётрдун негизги жетишкендиктеринин бири XVI кылымда коюлган негизги маселени: Улуу түндүк согушту жеңип Орусиянын аймагын Прибалтика региондоруна чейин кеңейткени болгон. Улуу түндүк согушту жеңип алуусу менен Пётр 1721-жылы Бүткүл Орусия императору наамын тагынууга мүмкүнчүлүк алган.
XVIII кылымдын аягынан азыркы күнгө чейин Пётр Iдин личностунун жана анын Орусиянын тарыхындагы ролуна тарыхый илимде жана коомдо терс баа берилип келет. Орусиянын расмий историографиясында Пётрду XVIII кылымда Орусиянын өнүгүү жолун таңдаган, чыгаан мамлекеттик ишмер катары көрсөтүлөт. Бирок Н. М. Карамзин жана башка көптөгөн тарыхчылар критикага алышкан.