![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/6a/Praia_aerial.jpg/640px-Praia_aerial.jpg&w=640&q=50)
Прая
From Wikipedia, the free encyclopedia
Прая – Кабо-Верде арал мамлекетинин борбору. Атлантика океанындагы Жашыл Тумшук аралдар тобуна кирген эң ири Сантьягу аралынын түштүк жээгиндеги порт. Климаты тропиктик, пассаттык. Январдын орточо температурасы 21–23°С, июлдуку 24–26°С. Жылдык жаан-чачыны 100-300 мм. Калкы 132 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Трансатлантика деңиз жолдор тоому. Атлантика океанындагы порт (сыртка апельсин, кант, кофе чыгарылат). Тамак-аш (балык жана деңиз продуктулары даярдалат), эмерек, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары, темир-бетон, карапа заводдору, электр-техникалык, тиричилик приборлор өндүрүшү иштейт. Балыкчылык өнүккөн. Шаар португалиялыктар тарабынан 1581-жылы негизделген. Кабо-Верде көз каранды эместикке ээ болгондон (1975-жылдан) анын борбору. Альбукерке аянты, президенттин ак сарайы, монумент, табигый-тарыхый музей, обсерватория бар. Жыл сайын февралда көп күнгө созулган карнавалдар өткөрүлүп турат.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/6a/Praia_aerial.jpg/640px-Praia_aerial.jpg)