From Wikipedia, the free encyclopedia
Полипропилен, пропилен термопластуу полимери, түссүз кристалл. tб.э.172оC, тыгызд. 0,92-0,93 г/см2 (20о С), мол. масс 30000-50000. П. касиетине анын каптал топторунун негизги чынжырга карата мейкиндикте жайгашышы чоң таасир тийгизет. П. изотактикалык, синдиотактикалык, атактикалык түзүлүштөрү белгилүү. Алардын эң маанилүүсү жана негизгиси изотактикалык жана синдиотактикалык структуралары. Аларга жогорку кристаллдык көрсөткүч бышыктык, жылуулукка чыдамдуулук касиеттери мүнөздүү. Атактикалык П. өтө ийилчээк, жумшак, жабышкак продукт. Буу жана газды начар өткөрөт, жакшы диэлектрик. щелочтор, к-талар жана органикалык эмес бузуучу чөйрөлөр таасирине туруктуу келет да, кадимки температурада көп органикалык эриткичтерде эрибейт. Азот, күкүрт к-таларынын таасиринен бузулат, жылуулукка жана жарыкка туруксуз. П. өндүрүүдө чөйрөнүн таасиринен сактоо үчүн стабилизаторлор кошулат. П. мономерди эритмеде же масса түрүндө полимерлөөдөн алынат. П. ысык суюктуктар үчүн түтүктөр, пленкалар, бутылкалар, флакондор химимялык өнөр жайда керектелүүчү ар кандай идиштер, муздаткычтар жана радиоприемниктер тетиктери даярдалат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.