Планшеттик компьютер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Планшеттик компьютер (орус. графический планшет, кийин планшетный компьютер) — мобилдик оперативдик системасы жана сенсордук экраны бар алып жүрмө персоналдык компьютери. Wi-Fi, 3G/4G кошулган жана кайсы жерде болсоңуз да интернетти пайдаланууга шарт түзүүчү өзгөчө буюм. Ошондой эле атайын офистик документтер менен иштөөгө, сүрөт тартууга багытталгандары да бар. Планшеттердин экранынын диагоналы 4 (10,16 см) дюймдан 21 (53,34 см) дюйм, салмагы 600 гр чейинкилер бар. Ал эми дүйнө жүзүндөгү Sony компаниясы тарабынан чыгарылган Xperia Tablet Z2 үлгүсүндөгү эң ичке планшеттин экраны 10,1 дюйм, туурасы 6,4 мм, салмагы 426 гр ды түзөт. Ал 3 Гбайт өлчөмдөгү маалыматты эсине тутуп, 8 мегапикселдүү камераны өзүнө камтыйт. Аталган планшеттин процессорунун жыштыгы 600 Мегагерц сандык көрсөткүчүндө болсо, mpeg4 форматындагы фильм, видеолорду көрүүгө жарайт.[1]