Парапсихология
From Wikipedia, the free encyclopedia
Парапсихология — изилдөөлөрдүн өзүнчө тармагы.
- сезим органдар түшүндүрө албаган маалымат кабыл алуу жолун камсыз кылуучу сезимдүүлүк формасын;
- тирүү жандардын организмден тышкары физикалык кубулуштарга булчуң аракетинин жардамысыз (кыялында, оюнда таасир этүү жана башка) тийиштүү таасир берүү формасын изилдейт.
«Парапсихология» түшүнүгү менен катар «психотроника», «биоинформация», «биоинтроскопия» жана башка түшүнүктөр да колдонулат.
Азыркы парапсихологдордун көбү сезимдүүлүктүн формаларынын төмөнкү типтерин бөлөт;
- телепатия — кабарлоочу менен кабар алуучунун (индуктор менен реципиенттин) кыял менен байланышы;
- көзү ачыктык — тышкы дүйнөнүн объективдүү окуяларыж-дө сезим органдарынын ишине жана акыл эстин ой жүгүртүүлөрүнө негизделбеген билим алуу;
- алдын ала билүү (проскопия) — келечектеги окуяларды көрөгөчтүк менен алдын ала билүүчүлүк;
- Лозо изилдөөчүлүк (биофизикалык эффект деп да аталат) — жардамчы индикатордун жардамы менен (ийилген металл зым, лозо жана башка) жер астындагы суулардын, кендердин, боштуктардын жана башка чогулган жерин табуу;
- парадиагностика — оорулууну кербей туруп көзү ачыктык менен медициналык диагноз коюу.
Сезимдүүлүктүн ушул бардык формалары экстрасенсордук кабыл алуу деген түшүнүктү билдирет. Тышкы кубулуштарга парапсихологиялык таасир тийгизүүнүн формаларынын классификациясы да бар.
- Психокинез — адам кыялы менен таасир тийгизиши.
- Парамедицина — дарылоо методун түшүндүрө албаган парапсихологиянын тармагы (мисалы, оорулууну алыстан дарылоо жана башка).
Индо-европалык маданиятта 1882-ж. пайда болгон. Кийин ал көп өлкеге тараган. Парапсихологдордун эсеби боюнча 1970-ж. 30 өлкөдө 240тан ашык лаборатория жана коом болгон. Алардын көбүн Эл аралык парапсихологиялык ассоциация (Нью-Йорк) бириктирет. Парапсихологияда бир жагынан мистиктер жана шумпайлар даңазалаган «табияттан тышкаркы» «сый- кырдуу» күчтүү, экинчи жагынан илим али канааттандырарлык түшүндүрө элек реалдуу кубулуштарды айра билүү мааниге ээ.