From Wikipedia, the free encyclopedia
Отолиттер - омурткасыздардын кээ бирлеринде жана бардык омурткалуулардын теңсалмак сактагыч органдарында жайланышкан катуу заттар. Ар кандай жаныбарлардын О-дин келип чыгышы, көлөмү жана түзүлүшү ар башка болот. Адатта алар минералдык туздардан (көбүнчөсү Са карбонатынан), орг. заттардан турушат. О. майда данчалардай (отокониялар, же статокониялар) же чоң таштардай болушат. Омурткасыздардын О. статоцисталарда, ал эми омурткалууларда – вестибулярдык аппаратында учурайт. Сөөктүү балыктардын жаргакча лабиринтинин (же чыгырыгынын) ички көңдөйү эндолимфа менен толтурулган, анда майда таштар - отокониялар каалгып жүрүшөт, ошолор бири-бирине жабышып, катмарланып О. пайда кылышат. Дененин абалынын өзгөрүлүшү эндолимфа менен отокониялардын жылып жүрүшүнө алып келип, сездиргич клеткалардын дүүлүгүшүн чакырат. Ошентип, жаргакча лабиринт (чыгырык) теңсалмакты сактагыч орган катары функцияны аткарат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.