From Wikipedia, the free encyclopedia
Ортонку массивдер – жер кыртышынын геосинклиналь аймагындагы салыштырмалуу тынч абалда турган бөлүгү. Фундаментинин кембрийге чейинки метаморфизмделген байыркы тектерден түзүлүшү жана тектоникалык кыймылдын аздыгы менен геосинклиналь системасынан айырмаланат. Ортонку массивдер тайыз деңизде пайда болгон жана континенттик, жанар тоо тектеринен анча калың эмес кабаты менен жабылып жатат. Бул кабат геосинклиналдагы чөкмө кабатка караганда жукалыгы, тектоникалык деформацияга аз дуушар болушу менен мүнөздөлөт. Ортонку массивдердин чет жакаларында интрузия тектери кездешет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.