![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/f9/Centrum_Oranjestad.jpg/640px-Centrum_Oranjestad.jpg&w=640&q=50)
Ораньестад
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ораньестад – Аруба мамлекетинин борбору жана ири шаары. Аруба аралынын түштүк жээгинде, деңиз деңгээлинен 18 м бийиктикте жайгашкан. 1796-ж. форттун курулушуна байланыштуу пайда болгон. Калкы 35,3 миң (2010). Жолдор тоому. Эл аралык (королева Беатрикс атындагы) аэропорту бар. Гаванына көптөгөн круиздик кемелер кирет. Түштүк Америкадан, АКШдан, Европадан керектүү товарларды, азык-түлүк алат. Шаар арх-расы голландиялык курулушка окшош болгону менен жергиликтүү өзгөчөлүктөр менен коштолот. Соода борборлору, дүр-дүйнө дүкөндөрү иштейт.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/f9/Centrum_Oranjestad.jpg/640px-Centrum_Oranjestad.jpg)