From Wikipedia, the free encyclopedia
Оранж (Oranje, Orange) – Түштүк Африкадагы дарыя; Лесото, ТАР жана Намибия мамлекеттеринин аймактары аркылуу агат. Узундугу 1860 км, алабынын аянты 1038 км2. Монт-о-Сурс чокусунун капталдарынан, 3160 м бийиктиктен башталып, адегенде Синку деп аталат. Чыгышты карай агып, Атлантика океанына куят. Ири куймалары: Каледон, Ваал (оң). Кургакчыл Бийик Вельд аймагын, Кап платосун кесип өтүп, Калахаринин түштүк чет-жакасы аркылуу агат. Нугунда босоголор, шаркыратмалар арбын болгондуктан, кеме жүрбөйт. Жамгыр сууларынан куралат. Ноябрдан апрелге чейин суусу кирип, февраль – мартта ташкындайт, июль – августта тартылат. Алабында сугат системалары, суу сактагычтар, гидроузелдер, ГЭС курулган. Боюнда Аливал-Норт, Приска, Апингтон шаары жайгашкан. Голландия канзаадасы Оранскийдин урматына аталган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.