Оптика
From Wikipedia, the free encyclopedia
Оптика – электр-магниттик жарык толкунунун түрдүү аракет касиеттери (таралуу, сынуу, чагылуу, чачыроо, жутулуу, күчөө, басаңдоо ж. б.) жана Оптикалык техниканын чектик мүмкүнчүлүктөрү (ажыратуу жөндөмдүүлүгү, дисперсия, Оптикалык схема ж. б.) жөнүндөгү физиканын бөлүмү. Оптикалык нурлар теги боюнча электр-магниттик толкундар болгондуктан Оптика электр-магниттик талаа жөнүндөгү жалпы окуунун бөлүгүн түзөт. Толкун узундугунун диапазону 20 октаваны өз ичине камтып, толкун узундуктары кыска жагынан рентген нурлары, узун жагынан радионурлануунун микротолкундук диапазону менен чектелет. Оптикалык нурлардын тароо касиетин изилдөө салыштырмалуулук теориясынын ачылышына алып келди, нурланууну күчөтүү боюнча изилдөө иштери лазерлерди жаратты, оптикалык сүрөттөлүштөрдү изилдөө голографияны ачты, ал эми жарыктын жаралышын изилдөө атомдук физика илимин түптөдү. Оптика геометриялык, физикалык жана физиологиялык оптикага бөлүнөт. я байастан.