![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/41/New_Auckland_Infobox_Pic_Montage_3.jpg/640px-New_Auckland_Infobox_Pic_Montage_3.jpg&w=640&q=50)
Окленд
From Wikipedia, the free encyclopedia
Окленд – Жаңы Зеландиядагы ири шаар. Өлкөнүн ири өнөр жай борбору (өлкөдө өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 1/3 ине жакыны чыгарылат). Түндүк аралында; Окленд жарым аралын Түндүк аралынын негизги бөлүгү менен байланыштыруучу мойнокто жайгашкан. Тынч океандын Хаураки булуңундагы порт. Калкы 422,0 миң (2010; шаар айланасы менен 1,4 млн). Эл аралык аэропорту бар. Темир жол бекети. Өлкөнүн ири экономикалык борбору. Машина куруу (транспорт, айыл чарба жана электр-техникалык), металл иштетүү, тамак-аш (сүт, эт), текстиль, химия, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, сүрөт галереясы, меланезиялык миссионерлер музейи бар.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/41/New_Auckland_Infobox_Pic_Montage_3.jpg/640px-New_Auckland_Infobox_Pic_Montage_3.jpg)