![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/3e/Lake_Malawi_34.60837E_11.93308S.jpg/640px-Lake_Malawi_34.60837E_11.93308S.jpg&w=640&q=50)
Ньяса
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ньяса, Малави – Түштүк Африкадагы (Мозамбик, Танзания, Малавиде) ири көл. Чыгыш Африка тайпак тоосунун түштүк-батышындагы тектоникалык ойдуңда, 472 м бийиктикте жайгашкан. Жер шарындагы тузсуз көлдөрдүн ичинен тереңдиги боюнча 3 (Байкал жана Танганьикадан кийин), чоңдугу боюнча 9-орунда. Түндүктөн түштүккө 580 кмге созулуп, туурасы 80 кмге чейин. Тереңдиги 726 мге чейин. Аянты 30,8 миң км2. Түндүгү, түндүк-чыгыш жээктери чукул, бийик, аскалуу, түштүгү жапыз. Таманынын калыңдыгы айрым жерлеринде 4 кмге жеткен чөкмө тектер менен капталган. Ага 14 суу куят, ириси – Рухуху дарыясы. Көлдөн Шире дарыясы (Замбезинин куймасы) агып чыгат. Фаунага бай. Балыктын 200дөн ашык түрү (анын ичинен 80%и эндемиктер) кездешет. Ошондой эле крокодил, бегемоттор бар. Балык кармалат. Кеме жүрөт. Ньясанын батыш жээги туризм үчүн ыңгайлуу. Негизги пристандары: Нхотакота, Каронга, Бандаве (Малави), Мвая, МбамбаБей (Танзания), Ковбе, Метангула (Мозамбик).
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/3e/Lake_Malawi_34.60837E_11.93308S.jpg/640px-Lake_Malawi_34.60837E_11.93308S.jpg)
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/80/Otter_Point%2C_Cape_Maclear_%28Malawi%29.jpg/640px-Otter_Point%2C_Cape_Maclear_%28Malawi%29.jpg)