From Wikipedia, the free encyclopedia
Нормандия-Неман (фр. Normandie-Niemen) — экинчи дүйн. согушта (1935—45) 1-аба армиясынын 303-авиац. дивизиясынын составында 1943—45-ж. совет-герман фронтунда «Салгылашып жаткан Франция» деген ат менен согушкан 1- өзүнчө истребителдик авиация полкунун ылакап аты.
Эскадрильянын өздүк составы СССРге 1942-ж. 28- ноябрда келип, 1943-ж. мартта согушка кирген. 1943-ж. 5-июлда полк болуп түзүлгөн. Литваны бошотууда жанa Неман д-нан өтүүдө артыкчылыгы үчүн ага «Неман» полку деген ардак наам берилген. 1943—45-ж. франц. учкучтар 5 миңден ашуун согуштук учуш жасап, душмандын 273 самолётун талкалаган, 80 самолётуна зыян келтирген. Полк сов. жанa франц. ордендер, медаль (франц.) менен сыйланган.
Учкучтар М. Альбер, Р. де ла Пуап, Ж. Андре жанa М. Лефевр (өлгөндөн кийин) Сов. Союз. Баатыры болушкан. 1956-ж. Москвадагы мурдагы франц. аскер миссиясына согушта курман болгон франц. 42 учкучтун аты жазылган мемориал такта орнотулган.
1964-ж. Москвадагы Введенский көрүстөнүндө «Нормандия-Неман» полкунун белгисиз учкучуна эстелик коюлган. Францияда «Нормандия-Неман» полкунун ветеран учкучтарынын ассоциациясы, «Нормандия-Неман» авиация бөлүгү, СССРде «Нормандия-Неман» ветеран техниктеринин совети бар.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.