Новгород федалдык республикасы - борбору Новгород ш. болгон Рустагы феод, мамлекет (12— 15-к.).
1136-жылдан Киевге көз карандысыз бийлик кыла баштаган. Мамлекттик түзүлүшү боюнча ак сөөктүк феод, республика болуп, бийликтин жог. органы аталса да, чын бийликти боярлар жүргүзгөн.
Новгород федалдык республикасынын чарбасы дыйканчылык жанa мал чарбачылык болуп, шаарларында кол өнөрчүлүк өнүккөн. Новгород көпөстерү Германия, Дания жанa Швеция менен соода жүргүзгөн.
Феодалга күңкор дыйкандарды эзүүнүн негизги формасы оброк болгон. 15-кылымдан акча рентасы таралган.
Дыйкандар жерге бекитилип, бара-бара өз ээсинен кетүү укугунан ажыраган. 12—13-кылымда феод, эзүүнүн күчөшүнөн элдик көтөрүлүштөр кобөйгөн (1136, 1207, 1228—29, 1270, 1418, 1446—47).
13-кылымдын 1-жарымында Новгород федалдык республикасынын калкы Балтика боюндагы элдер менен бирге Германия, Швеция жанa Дания феодалдарынын агресспясына каршы күрөшкөн.
Новгород федалдык республикасы монгол-татар залалын тарткан эмес, бирок Алтын Ордого салык төлөп турган.
Новгород федалдык республикасындагы таптык карама-каршылыктардын күчөшүнөн пайдаланган Москва княздыгы 1478-ж. аны биротоло Борбордоштурулган орус мамлекетинин составына кошкон.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.