From Wikipedia, the free encyclopedia
Нельсон Ролилахла Мандела 1918-жылы 18-июлда Умтатага жакын жерде жарык дүйнөгө келген. Түштүк Африка Республикасынын сегизинчи жана тунгуч кара терилүү президенти. Анын президенттик ишмердүүлүгү 1994-жылдын 10-майынан 1999-жылдын 14-июнуна чейинки аралыка туура келет. Апартеид кезинде адам укуктары үчүн күрөшкөндөрдүн эң белгилүүсү. Саясий туткун катары 27 жыл 6 ай 6 күн абакта отуруп чыккан. 1993-жылы Нобель сыйлыгын алган. Нельсон Мандела ТАРда Мадиба деген ат менен да белгилүү.
Нельсон Мандела 1918 жылдын18 июлунда Умтатадан анча алыс эмес Мфезо айылында төрөлгөн. Анын үй-бүлөсүнүн теги Тембу династиясынын жетектегендердин урпактары болуп саналат. Анын бабаларынын бири (1832-жылы өлгөн) тембунун башкаруучусу болгон. Анын Мандела аттуу баласы Нельсондун чоң атасы болгон (фамилиясы ошондон келип чыккан).
Нельсондун атасы, Гадла Генри Мандела Мфезо айылынын башкаруучусу болгон. Анын атасынын 4 аялы болуп, алардан 13 баласы (4 уул, 9 кыз) болгон.[2]. Мандела анын Нонгапи Носекени аттуу үчүнчү аялынан төрөлгөн [3][4] жана апасын Холилала деп аташкан. Холилала Мандела үй-бүлөдөн мектепке баргандардын алгачкысы болгон.
Мандела 9 жашында атасы кургак учуктан көз жумган. Жашынан эле анча алыс эмес жерде жайгашкан бащталгыч мектептен билим алган. 16 жашында ал тембунун салты боюнча өткөрүлүүчү демилгелөө иш чарасына катышкан. Анын натыйжасында Кларкбери институт-интернатынан билим алып, 2 жылдын аралыгында башталгыч орто билим тууралуу сертификатка ээ болгон(англ. Junior Certificate)[5]. Он тогуз жашында бокска жана чуркоого кызыга баштаган[3].
Манделланын сөздөрү жана китептер:
Книги о Нельсоне Манделе:
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.