From Wikipedia, the free encyclopedia
Нева дарыясы – Ленинград облусундагы дарыя. Узундугу 74 км, алабынын аянты 281 миң км2. Ладога көлүнөн башталып, Балтика деңизиндеги Финн булуңуна куят. Дельтасындагы аралдарда жана Нева боюндагы оёңдо Ленинград шаары жайгашкан. Орточо чыгымы 2530 м3/сек. Кээде түштүк-батыш жана батыштан соккон шамалдын натыйжасында Финн булуңундагы жана Неванын төмөнкү агымындагы суунун деңгээли көтөрүлүп (суунун эң жогорку деңгээли Санкт-Петербургда), 1824-жылы (410 см) жана 1924-жылы (369 см) байкалган, кээде ташкынды пайда кылат. Декабрда тоңуп, апрель-майда муздан арылат. Ак деңиз Балтика жана Волга-Балтика суу жолунун бир бөлүгү. Башатында Петрокрепость шаары орун алган.
Нева дарыясы | |
---|---|
Нева (Петропавлов чеби Санкт-Петербургда) | |
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 74 км |
бассейндин аянты | 281 000 км² |
Суу агымы | |
Аягы | Ладога көлү |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Орусия |
Област | Ленинград облусу |
ОМСР | 01040300312102000008487 |
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.