Наурунун желеги From Wikipedia, the free encyclopedia
Наурунун туусу, расмий түрдө ― Науру Республикасынын Мамлекеттик туусу (науру anidenin Naoero) ― Науру Республикасынын мамлекеттик белгилеринин бири.
Желек өлкөнүн географиялык абалын чагылдырат.
Желектеги жылдыз аралдын экватордон бир градус түштүктө жайгашкан жерин билдирет жана желектин сары тилке (сары тилкенин туурасы, желектин узундугунун 1⁄12 түзөт) менен экиге бөлүнүшү ― аралдын биринчи тургундары жерде эки аскадан пайда болгон деген уламышка шилтеме берет[1][2][3].
12 бурчту жылдыз Наурунун 12 уруусун билдирет[4]:
Көк түс Тынч океанды[3], ал эми жылдыздын ак түсү аралдын негизги минералдык байлыгы болгон фосфаттарды чагылдырат.
Желекти австралиялык Evans желек өндүрүүчүcү тарабынан иштелип чыкан. Расмий түрдө 1968-жылы 31-январда кабыл алынган. Океаниядагы башка мамлекеттердин желектеринен (мисалы, Тувалу) айырмаланып, желекти кабыл алууда көп талаш-тартыштарды жараткан эмес[3].
|
Схема | Көк | Сары | Ак |
---|---|---|---|
Pantone | 280 C | 123 C | - |
RGB | 1-33-105 | 255-199-44 | 255-255-255 |
Hexadecimal | #012169 | #FFC72C | #FFFFFF |
CMYK | 100-85-0-39 | 0-16-89-0 | 0-0-0-0 |
Желек | Жыл | Колдонуу | Маалымат |
---|---|---|---|
1969–азыркы учурга чейин | Наурунун «Тынч океан линиясы»
кеме компаниясы |
Көк желектин ортосунда он эки бурчтуу, ак түстөгү жылдыз орун алган. Жылдыздын ортосунда карат түстөгү кемеказык тартылган[5] | |
1924 | Наурунун желеги катары кабыл алууга сунушталган желек | Көк желекте 15 беш бурчтуу ак жылдыздар.[6] |
Желек | Жыл | Колдонуу | Маалымат |
---|---|---|---|
1888–1914 | 1888-жылы Германия аралды басып алган жана арал Германия Жаңы Гвинеясынын курамында болгон[3]. | Ак желектин бурчунда үч түстүү Германия желеги жана кызыл кылыч кармаган кара арстан тартылган. | |
1919–1948 | Науру Австралия менен Улуу Британиянын ишенимдүү мандатынын астында болгон кездеги желеги[3]. | Улуу Британиянын желеги | |
1942–1945 | Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Жапон империясынын оккупациясы алдындагы Наурунун желеги[3]. | Жапон империясынын желеги | |
1948–1968 | Австралия жана Улуу Британиянын камкордугу астында Наурунун желеги[3]. | Австралиянын желеги | |
1968–азыркы учурга чейин | Расмий түрдө 1968-жылы 31-январда кабыл алынган жана азыркы учурга чейин колдонулунуп келе жаткан желеги[3]. | Көк желекти ортосунан сары тилке экиге бөлөт жана 12 бурчтуу ак жылдыз. |
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.