Марс
From Wikipedia, the free encyclopedia
Марс () — Күндөн төртүнчү планета, бул планетаны "Кызыл планета" деп да аташат.
Марс планетасы — римдик согуш кудайынын атын алып жүрөт. "Кызыл планета" деп аталышынын себеби — темир оксиди басымдуулук кылганынан планетанын үстү кызгылт түстө. Марс — бул жука атмосферасы бар, үстү айдагыдай кратерлерди жана жердегидей вулкандарды, өрөөндөрдү, чөлдөрдү жана полярдык калпактарды камтыган жер тобунун планетасы.
Марстын диаметри Жердикинен 2 эсеге жакын кичине. Анын орбитасынын эксцентриситети (эллипстин фокусунан борборуна чейинки аралыктын чоң жарым огуна болгон катышы) чоң болгондуктан (е = 0,093), ал улуу тогошуу учурунда перигелийинде, жарыктыгы боюнча Чолпон планетасынан кийинки орунду ээлеп, асман сферасынан балбылдап жакшы көрүнөт.
Ал тогошуу улуу тогошуу деп аталып, ар бир 15, 17 жылда бир жолу кайталанып турат. Анын эң акыркы жылдагы улуу тогошуусу 2003-ж-дын август айынын ортосуна туш келген. Марс жылынын узактыгы Жердикине салыштырганда эки эсеге жакын узак.
Анын орбиталык тегиздиги эклиптикалык тегиздикке 24°56' лык бурчка жантайгандыктан, Жердики сыяктуу жыл мезгили алмашып турат. Марс планетасынын суткасы 24 саат 37 минута 23 секунданы (24°37' 23") түзүп, Күндү толук бир айланып чыгуусу (бир жылы) 687 жер суткасына барабар. Бул жагынан планета Жерге көп жагынан окшош болгондуктан, аны Жер тобунун катарына кирген планета деп аташат.
Өткөн кылымдын экинчи жарымынан баштап, 1969-ж. «Маринер 6» ж-а «Маринер 7» амер. автоматтык станциялар 3400 км ж-а 1800 км аралыктан биринчи жолу Марстын сүрөтүн даана тартып алышкан.
1971- ж-а 1974-ж-дары планеталар аралык станциялар «Марс 2», «Марс 3» ж-а «Марс 5» Марстын айланасында тынымсыз айланып, анын жасалма жандоочусу болуп, планетадан көптөгөн маалыматтарды алууну камсыз кылган.
1974-ж. космостук станция «Марс 6» Марсты жандап өтүп, андан бөлүнгөн аппарат дүйнөдө биринчи жолу Марска конуп, планетанын ар кандай мүнөздөмөлөрү ж-дө өтө жогору тактыктагы билдирүүлөрдү берген.
1976-ж-дагы учурулган америкалык автоматтык станциялар «Викинг 1» жана «Викинг 2»ден бөлүнүп чыккан аппараттар планетанын бетине конуп, анын бетинин сүрөтүн, температурасын, атмосферасынын курамын так белгилеген. Жогорку космостук станциялар аркылуу Марстын бетине конгон аппараттардын жардамында Марстын топурагы изилденип, анын кызыл түстө болушунун себеби, анын курамына 14%тен ашык темир, 20%ке жакын кремний, 5%тен көбүрөөк кальций ж-а магний, 3%ке жакын күкүрттөн тургандыгы м-н түшүндүрүлгөн.
1877-ж. амер. астроном А. Холл Марстын «Фобос» жана «Деймос» деген 2 табигый жандоочусу бар экенин ачкан. Ал жандоочулардын космостук станциялар аркылуу тартылып алынган даана сүрөттөрү бар. Фобос Марсты 7с39мин-да бир айланып чыгып, Марстан 9400 км аралыкта жайгашкан. Деймос Марсты 1,262 суткада же 30 с 18 минда бир айланып, планетадан 23 500 км аралыктан орун алган.