![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/bf/MurrumbidgeeAtGundagai.jpg/640px-MurrumbidgeeAtGundagai.jpg&w=640&q=50)
Маррамбиджи
From Wikipedia, the free encyclopedia
Маррамбиджи – Австралиянын түштүк-чыгышындагы дарыя, Муррейдин оң куймасы. Узундугу 2172 км, алабынын аянты 184 миң км2. Австралия Альп тоолорунун түндүк тармактарынын башталып, түздүк аркылуу агат. Башкы куймасы – Лаклан (оң). Мурда суу тез-тез ташкындап тургандыктан, баш жагында Барринжак суу сактагыч жана ГЭС курулган. орточо чыгымы Балраналд шаары тушта 34,5 (эң чоңу 299 м2/сек. Сугатка кеңири пайдаланылат. 1852-жылы кыйраткыч ташкын болуп, Галедагай шаарчасын толугу менен жууп (калкынын 1/3и кырылып калган) кеткен. Жаан-чачындуу мезгилде чатынан Уогта-Уогта шаарына чейин кеме жүрөт, кургакчылык убакта кээде соолуп калат. Аны австриялык аборигендердин тилинен которгондо «чоң суу» дегенди түшүндүрөт.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/bf/MurrumbidgeeAtGundagai.jpg/640px-MurrumbidgeeAtGundagai.jpg)