![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/b/b5/%25D0%259C%25D0%25B0%25D0%25BD%25D0%25B0%25D1%2581_%25D1%2587%25D0%25BE%25D0%25BA%25D1%2583%25D1%2581%25D1%2583.jpg/640px-%25D0%259C%25D0%25B0%25D0%25BD%25D0%25B0%25D1%2581_%25D1%2587%25D0%25BE%25D0%25BA%25D1%2583%25D1%2581%25D1%2583.jpg&w=640&q=50)
Манас (чоку)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Манас чокусу — Талас Ала-Тоосунун эң бийик жери. Бийиктиги 4482 м. Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түндүктү көздөй кеткен тармагында жайгашкан жылаңач чоку. Капталдары өтө тик, кар- мөңгү токтобойт. Палеозойдун сланец, акиташ теги, кумдук тоо тектеринен турат. Түш.-чыгыш капталындагы мөңгүдөн Күркүрөө суусу башталат. Чокуга алгачкы жолу 1933-ж. москвалык альпинист Э. С. Левин чыккан.
Бул түшүнүктүн башка маанилерин караңыз: Манас.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/b/b5/%D0%9C%D0%B0%D0%BD%D0%B0%D1%81_%D1%87%D0%BE%D0%BA%D1%83%D1%81%D1%83.jpg/640px-%D0%9C%D0%B0%D0%BD%D0%B0%D1%81_%D1%87%D0%BE%D0%BA%D1%83%D1%81%D1%83.jpg)