![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/76/PONTY-Collage_Luxor.png/640px-PONTY-Collage_Luxor.png&w=640&q=50)
Луксор
From Wikipedia, the free encyclopedia
Луксор – Мисирдеги музей-шаар. Нил дарыясынын (орто ченинде) оң өйүзүндө, Байыркы Мисирдин борбору Фиванын калдыктарынын арасында жайгашкан. Калкы 488 миң (2010). Биздин заманга чейин 21–11-кылымда Мисирдин борбору болгон. Аэропорту бар. Амон ийбадаткана комплекси (15–13-к.; колоннадалары, статуялары жана сфинкс аллеялары менен) байыркы Фиванын урандылары менен бирдикте Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Луксор – эл аралык туризмдин ири борбору. Кол өнөрчүлүк (өзгөчө белек-бечкектер) өнүккөн. Айыл чарбалуулуу райондун борбору.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/76/PONTY-Collage_Luxor.png/640px-PONTY-Collage_Luxor.png)