Липазалар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Липазалар — ферменттердин гидролазалар классына кирет, үчацилглицериддерде татаал эфирдүү байланыштарды гидролизге алып барат, алар май к-таларына жана глицеринге чейин ажырайт. Л-дын жаныбар, өсүмдүктөрдө, микроорганизмдерде бар экендиги белгиленген. Сүт эмүүчүлөрдө уйку бездин ширесинде болот, ал карын менен ичегилерде иштегенде эмульгаторлорду талап кылат.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/b2/Lipase_PLRP2.png/170px-Lipase_PLRP2.png)