From Wikipedia, the free encyclopedia
Ла-Пас шаары – Боливиядагы шаар. Өлкөнүн расмий борбору жана Ла-Пас департаментинин административдик борбору. Андыда, Кордильера-Реаль кырка тоосунун этегинде, Ла-Пас дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Калкы 896,8 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Шаар аркылуу Панамерика шоссеси өтөт. Испандар тарабынан 1548-ж. негизделген. Собор (1830), Сан-Агустин (1668), Санто-Доминго (1726), Сан-Франциско (3 нефтүү базиликасы менен; коңгуроолуу, 1885) жана башка чиркөөлөр сакталган. Боливиянын ири экономикалык чордону. Кайра иштеп чыгаруучу өнөр жай ишканасынын продукциясынын 2/3 бөлүгү чыгарылат. Текстиль, тамак-аш, булгаары-бут кийим, цемент жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк (күмүш, алтын, карапа буюмдар жасалат) өнүккөн. Университеттер, ИА, китепканалар, музейлер (анын ичинде улуттук археологиялык, «Тиауанако» улуттук көркөм), театр жана башка бар. Шаарга жакын жерде дүйнөдөгү эң бийик Чакалтая тоо лыжа базасы (деңиз деңгээлинен 5400 м) жайгашкан жана шаардан 72 км батышта байыркы Тиауанако шаарынын калдыктары (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бар.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.