![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/63/2014_Victoria_Island_Lagos_Nigeria_15006436297.jpg/640px-2014_Victoria_Island_Lagos_Nigeria_15006436297.jpg&w=640&q=50)
Лагос
From Wikipedia, the free encyclopedia
Лагос шаары – Нигериядагы порт шаар. Гвинея булуңунун жээгинде. Лагос штатынын административдик борбору. Калкы 10,0 млн (2009). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий ири борбору жана эң ири шаарларынын бири.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/63/2014_Victoria_Island_Lagos_Nigeria_15006436297.jpg/640px-2014_Victoria_Island_Lagos_Nigeria_15006436297.jpg)
1914–60-ж. Нигериядагы англиялык ээликтин административдик жана 1960–92-ж. Нигериянын борбору болгон. Кафедралуу собор (1876–83), Читта мечити (1880) сакталган. Тамак-аш – татымал, текстиль, химия, кеме куруу жана ремонттоо, металл иштетүүчү өнөр жай ишканалары иштейт. «Лагос» деп Нигерияга 15-кылымдын аягында келип отурукташкан португалиялыктар аташкан. Университет, ИИИлер (анын ичинде океанография жана деңиз, медицина жана башка), технологиялык коллеж, бизнес-мектеби, китепканалар бар.