![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/e2/Labrador_Current.jpg/640px-Labrador_Current.jpg&w=640&q=50)
Лабрадор агымы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Лабрадор агымы – Атлантика океанындагы муздак агым. Түндүк Американы жээктей агат. Баффин деңизинен башталып, Ньюфаундленд банкасында Гольфстрим жылуу агымы менен кошулат да, тереңдеп кетет (бул аймакты көбүнчө туман басып турат). Суунун температурасы кышында 5ᵒСтан 1ᵒСка чейин, жайында 2–10ᵒС. Ылдамдыгы 25–50 см/сек. Туздуулугу 30–32%. Чыгымы жылдан жылга 3,4 млн м3/секдан 5,4 млн м3/секга чейин өзгөрүп турат. Муз жана айсберг кеме каттоого тоскоол болот.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/e2/Labrador_Current.jpg/640px-Labrador_Current.jpg)