From Wikipedia, the free encyclopedia
Көтөн чучук — тамак сиңирүү системасынын акыркы бөлүгү. Кичине жамбаш чарасынын ичинде куймулчактын алдында жайгашкан. Көтөн чучук — тамак сиңирүү системасынын акыркы бөлүгү. Кичине жамбаш чарасынын ичинде куймулчактын алдында жайгашкан. Көтөн чучук куймулчак туштан башталып, арткы тешик аркылуу тышка ачылат, узундугу 15—20 смге жетет.
Көтөн чучуктун узуну боюнча куймулчак жана чаткаяк иймектери жайгашкан, ошондой эле чара бөлүгү жана арткы тешик бөлүгү болуп бөлүнөт. Көтөн чучуктун чара бөлүгүнүн жазылыгы 7,7 смге жетип, ампула деп аталат. Ампуланын ички бетинде туурасынан кеткен былжырлуу кабыкчанын үч бүктөмөсү бар. Ал эми арткы тешикке жакын жерде былжыр чел узунунан кеткен бүктөмөлөрдү түзөт да, алардын арасы чуңкурчалар менен ажырап турат. Былжыр челдин астында веналардын жакшы өөрчүгөн торчосу бар. Ошол веналардын сезгенип, кеңейип кетиши геморрой деп аталат.
Көтөн чучуктун капталы узунунан кеткен сырт жана тегерете жайгашкан ички булчуңдуу эки катмардан турат. Ички булчундуу катмардын арткы тешикке жакын жери жооноюп ички кыскычты түзөт, ал адамдын сезимине баш ийбейт. Ал эми скелет булчуңунан турган сырткы кыскыч адамдын сезимине баш ийип, анын эрки менен керектүү учурда ачылып, кайра жабылып турат.
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.