From Wikipedia, the free encyclopedia
Көлчүкчүлөр (Lymnaeidae) – омурткасыз жаныбарлардын моллюскалар тибиндеги курсак буттуулар классы. Дүйнөдө 500 000ден ашык түрү бар 3 классчага; (алдыңкы бакалоордуулар, арткы бакалоордуулар, өпкөлүүлөр) бөлүнөт. Булар көлчүктө, көлдө, дарыянын жай аккан жеринде кездешет. Денеси тулку бою, баш жана буттан турат. Үлүл кабыгынын тешиги аркылуу башын, тулкусунун алдыңкы бөлүгүн жана бутун гана чыгара алат. Тулкусу сыртынан мантия менен капталган. Тулкусунун алды жагында башы, жуп тинтүүрү, көзү жайгашкан. Өпкөсү менен дем алат. Нерв түйүндөрү, сезүү органы, тамак сиңирүү, дем алуу, кан айлануу (туюк эмес), бөлүп чыгаруу, көбөйүү органдары жакшы өнүккөн. Гермафродиттер. Чоңдугу бир нече смден 65-70 смге (кадимки көлчүк үлүлү) жетет. Көлчүкчүлөр суу алдындагы бир нерсеге узун жип сымал кылып жабыштырып, жумурткасын таштайт. Өсүмдүк менен азыктанат. Көпчүлүгү мите курттардын (жалпак, тасма ж. б.) аралык ээси болуп, жаныбар жана адамга зыян келтирет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.