From Wikipedia, the free encyclopedia
Көгүчкөндөр, кептерлер (лат. Columbidae) – куштардын көгүчкөн сымалдар түркүмүнүн тукуму. Канаты узун, учтуу, жакшы учат. Түсү ар түрдүү. Жер бетинин мелүүн жана тропик алкактарында кеңири таралган. 43 уруусу, 285 түрү белгилүү. Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө 3 уруусунун 13 түрү кезигет. Көбү келгин куш. Көгүчкөндөр токой, талаа, тоону, эгин айдалган жерлерди мекендейт. Дарак, бадал, аскаларга, курулуштарга уялайт. 2 жумуртка тууп, эркек, ургаачысы тең басат. Экиден же кээде колония болуп жашайт. Балапаны жылаңач, кээде сейрек тыбыттуу болот. Өсүмдүк уругу, мөмөсү менен азыктанат. Суу ичүү үчүн алыс аралыкка учуп барат. Азыркы почта жана кооздук Көгүчкөндөр Көк көгүчкөндөн чыккан. 6 түрү, 9 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Ак төш көгүчкөн менен сур көгүчкөн (эверсмаин) Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине кирген.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.