Кыргыз киносу
From Wikipedia, the free encyclopedia
1941-жылдын 17-ноябры кыргыз киносунун жаралган күнү деп эсептелет. Бул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарган. Кыргыз киносунун тарыхы 1942-ж. түзүлгөн көркөм, документалдык жана анимациялык тасмаларды өндүрүүчү "Кыргызфильм" киностудиясы менен тыгыз байланышкан. 1955-ж.- «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын базасында "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру В.Пронин «Салтанат» көркөм фильмин тарткан. 1964-ж. «Кыргызфильм» киностудиясынын өз режиссеру М. Убукеев кыргыз киносундагы алгачкы кинотасма болуп эсептелген "Тайгак кечүү" толук метраждуу көркөм фильмин тарткан.
![]() | |
Кыргыз керемети | |
Тасмалар:
|
1960—1970-жж. «Кыргызфильмде» Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармалары экрандаштырылган. Айтматовдун чыгармаларын тасмада чагылдыруудан Лариса Шепитько («Аптап» («Зной»)), Андрей Кончаловский («Биринчи мугалим» («Первый учитель»)) сыяктуу режиссерлор эмгек таржымалын башташкан. Кийинчерээк бул студияда кыргыздын белгилуу режиссёрлору: Болотбек Шамшиев («Караш-Караш», «Ак-Кеме», «Фудзиямага көтөрүлүү») жана Төлөмүш Океев («Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму») эмгектенишкен. 1972-ж.Болот Шамшиев «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» аттуу тасмасын жарыкка чыгарган. Бул тасма «истерн» үлгүсүндөгү тасмалардын бири болуп эсептелет.