Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
From Wikipedia, the free encyclopedia
АсУКыргыз Республикасынын Өкмөтү — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы. Өкмөт өзүнүн ишинде Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болот.
Өкмөттү Премьер-министр башкарат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат. Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.