Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы - Кыргыз Республикасынын борбордук банкынын ырасмий аталышы. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын статусу, милдеттери, функциялары, ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу принциптери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" мыйзамы тарабынан аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин башкы максаты болуп тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу улуттук акча бирдигинин (сомдун) туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу саналат.
Банктын ишинин максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзгөн негизги милдет - улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөө системаларынын коопсуздугун жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу. (Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-статьясы).
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдына койгон милдеттерди аткаруу үчүн өз ишин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынан көз карандысыз, өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.