From Wikipedia, the free encyclopedia
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чегара Кызматы — Кыргызстандын мамлекеттик чегарас кайтарган жана коргогон, чегара көзөмөлүн жүзөгө ашырууга, мамлекеттик чегара режимин бузууларды алдыналууга жана ага жол бербөөгө, КР эгемендүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө колсалууларды болтурбоого багытталган бирдиктүү мамлекеттик орган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чегара Кызматы | |
орус. Государственная пограничная служба Кыргызской Республики, ПС КР | |
Кыска аталышы |
КР МЧК |
---|---|
Урааны |
«Милдет, Намыс, Ата-Мекен»! |
Негизги маалымат | |
Негизделген | |
Муруңку түрү |
Орусия Федерациясынын Федералдык Коопсуздук Кызматынын Чегара Кызматы (1991-1999) |
Кызматкерлеринин саны |
6.800 |
Мамлекет | |
Башкаруучулугу | |
Багынган | |
Жоопкерчиликтүү башчы |
Уларбек Шарешеев |
Түзүлүшү | |
Башкы штабы |
Кыргызстан: 720005, Бишкек, Медеров көчөсү 163 |
Багыныштуу органдар |
Чегара Көзөмөлүнүн Башкы Башкармалыгы (1999-2002) |
Камсыздоочулар |
СССР учурунда чек арачылар Мамлекеттик коопсуздук комитетинин курамына кирген. Алар КГБнын катарында 50 жыл, 1989-жылга чейин болгон.
Эгемендүүлүк алгандан кийин дагы сегиз жыл ар кандай саясий жана экономикалык себептерден улам, Кыргызстандын чек арасын Орусиянын чек арачылары кайтарып келген. 1999-жылы алар өз функцияларын кыргызстандык кесиптештерине өткөрүп беришкен.
Чек ара кызматы эки бөлүмгө бөлүнгөн — Чегара Көзөмөлү (орус. Погранконтроль), башкача айтканда, бардык өткөрүү пункттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Кызматы тарабынан көзөмөлдөгөн. Аскердик жагы — чек ара заставаларын Коргоо Министрлигинин карамагында болгон.
2002-жылга чейин Чек ара кызматы Коргоо министрлигинин Чек ара кызматынын башкы башкармалыгынан жана Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара көзөмөлү башкы башкармалыгынан турган, андан кийин эки структура бирге бириктирилген. Чек арачылар УКМКга баш ийген. Андан кийин Чек ара кызматында дагы эки жолу реформа жүргүзүлдү – башкармалык күч кызматкерлеринин карамагынан чыгарылып, кайра аларга бекитилди.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.