From Wikipedia, the free encyclopedia
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү — Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын, Коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин (мурунку Коргоо министрлиги), Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү | |
Кыска аталышы |
КР КК |
---|---|
Урааны |
«Милдет, Намыс, Ата-Мекен»! |
Негизги маалымат | |
Негизделген | |
Муруңку түрү |
Кызыл-Туулуу Орто-Азиялык Аскерий Округу (КТОААО) |
Кызматкерлеринин саны |
17.300-23.000[1] (2023) |
Резервде |
300.000 |
Бүжети | |
Мамлекет | |
Башкаруучулугу | |
Багынган | |
Жоопкерчиликтүү башчы |
Эрлис Тердикбаев |
Түзүлүшү | |
Башкы штабы |
Коргоо министрлиги, Бишкек |
Багыныштуу органдар |
Куралдуу күчтөрүнүн түрдөрү:
Бөлөк аскер күчтөрү:
|
Камсыздоочулар |
Түркия, Кытай, Орусия, АКШ, Беларусь, Улуу Британия, Азербайжан |
Улуттук гвардиясынын курамдарынын жыйындысы. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бөлүмдөрү 12000 адамдан, Улуттук гвардия 3000 адамдан жана Мамлекеттик чек ара кызматы 6800 адамдан турат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы - генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиев саналат (2016-жылдын 11-майынан тартып).
Мындан тышкары, республиканын аскердик доктринасына ылайык, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, ошондой эле Улуттук гвардиянын атайын мобилдик бүлөктөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет күчтөрү бар.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү 1992-жылдын 29-майында, Кыргызстандын Президенти Аскар Акаевдин жарлыгы менен, Советтик Армиянын республика аймагына жайгаштырылган бөлүктөрү анын карамагына өткөндө, түзүлгөн. 1988-жылга чейин Кыргызстан Орто Азия аскер округунун курамында болгон. Бүгүнкү күндө 29-май Куралдуу күчтөрдүн күнү катары белгиленет.
Совет мезгилинде, 1967-жылдан тартып, 8-гвардиялык «Панфилов» мотоаткычтар дивизиясы өлкөнүн негизги аскер күчтөрү болгон. 1967-жылы дивизия буга чейин курулган Балтика аскер округунан Бишкекке көчүрүлгөн. Ал 2003-жылдын январында гана жоюлган. Бирок, 2011-жылдагы билдирүүлөрдө, дивизиянын реформалангандыгы жана анын штаб-квартирасы Токмокто болгондугу жазылган. Кыргызстандын Армиясынын курамына Оштогу 1-мотоаткычтар бригадасы (тоо), Кой-Таштагы бригада, Атайын күчтөрдүн 25-бригадасы, Каракол жана Нарындагы көз карандысыз батальондор, Балыкчыдагы бригада жана башка бөлүктөр кирет. Кыргызстандын тарыхында Түштүк жана жакында Түндүк күчтөрүнүн эки тобу жигердүү иштеп келишкен. 2004-жылы Күчтөрдүн Түштүк тобу Балыкчы бригадасынан, Бишкек шаарынын чет жакасында жайгаштырылган бригададан, Каракол жана Нарындагы айрым батальондордон жана башка аскер бөлүктөрүнөн турганы маалымдалган.
Кыргызстандын куралдуу күчтөрү төмөнкүлөрдөн турат:
Жөө аскерлер
Жөө аскерлер 2 аскердик командачылыктан турат
Түндүк аймактык командачылыгы:
Түштүк-батыш аймактык командачылыгы:
Аба коргоо күчтөрү:
Атайын күчтөр
1994-жылдын 31-мартында, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин буйругу менен 525 - атайын багыттагы "Скорпион" ротасы түзүлгөн. 1995-жылы августта рота, АКШда өткөн Атайын Күчтөрдүн бөлүмдөрүнүн Дүйнөлүк мелдештерине катышып, өзүнүн мыкты жагын көрсөттү. Бул мелдештерден кийин рота, Атайын Күчтөрдүн 525-өзүнчө отряды, андан кийин Атайын Күчтөрдүн 525-Батальону болуп кайра түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы чалгындоо башкармалыгына дайындалган. 2001-жылы 25-өзүнчө атайын багыттагы Скорпион бригадасына айланган.
Бригаданын жоокерлери мыкты үлгүлөр менен куралданган, мисалы, Ан-94 Абакан мылтыктары, ОСВ-96 снайпердик мылтыктары, снайперге каршы курал-жарактар, Печенег пулемети, Гюрза тапанчалары, Каштан снаряддык мылтыктары, үнсүз ВСС Винторез снайпер мылтыктары, атайын "Вал" снаряддары, НАТО өлкөлөрү тарабынан чыгарылган парашюттар, "Мираж-1200" - күнү-түнү байкоо жүргүзүү жана оптикалык жана оптоэлектрикалык тутумдарды аныктоочу шайман, согушкерлерде мындан башка дагы лыжа, сноуборд, квадроциклдер, парапландар жана башка көптөгөн нерселер бар. "Скорпион"дун согушкерлери чаян сүрөтү түшүрүлгөн жашыл берет кийишет.
1999-жылдын 1-апрелинде Илбирс Атайын Күчтөрүнүн 24-өзүнчө батальону түзүлгөн. Анын курамына Тынчтык Күчтөрүнүн Кыргыз батальонунан турган үч рота кирген, алар 5 жыл (1993-1998) тажик-афган чек арасынын 100 чакырымдык бөлүгүн кайтарып турушкан. 2003-жылдан бери 2-өзүнчө тоо-аткычтар бригадасынын курамында.
2007-жылдын март айында өзүнчө атайын багыттагы отрядынын базасында Түштүк-Батыш Күчтөрүнүн курамында өзүнчө атайын багыттагы бригада түзүлгөн, ал эми 2010-жылы бул бригадага "Илбирс" аталышы берилген. Бул бөлүк 100% контракттык жоокерлерден түзүлгөн жана мыкты куралдар менен куралданган. "Илбирс"тин жоокерлери илбирстин (барс) башынын сүрөтү бар жашыл берет кийишет.
Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын курамында 800 кишиден турган "Пантера" парашюттук-десанттык бөлүмү бар. Отряддын жоокерлери көгүш берет кийишет жана абадагы машыгуудан өтүшөт. Ошондой эле, Улуттук Гвардиянын курамында Гюрза чалгындоо борбору жана "Эдельвейс" согуштук машыгуу борбору иштейт.
"Шер" атайын күчтөрү - террорго каршы жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү. "Шер" атайын бөлүмү кылмыштуулукка жана мыйзамсыз топторго каршы күрөшүү, алардын базаларын жоюу жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоо үчүн түзүлгөн. Отряд Түркияда, Кытайда, АКШда жана Орусияда атайын даярдыктан өткөн офицерлерден жана прапорщиктерден турат. Атайын күчтөр отрядынын негиздөөчүсү республиканын Ички аскерлеринин командачысы, генерал-майор Бакаев Аширбек (азыр отставкада) жана полковник Шамсутдинов Айбек (биринчи командир болгон, азыр запаста). 1999-2010 жж. отряддын жоокерлери республиканын аймагында жана андан тышкары жерлерде жүргүзүлгөн бардык операцияларга катышкан. Отряддын 20дан ашык аскерине артыкчылык даражасы ыйгарылган. Бул, республикада кыздар эркектер менен бирге кызмат өтөгөн жалгыз атайын күч түзүмү. Ички аскерлер менен Улуттук гвардиянын бириккенине байланыштуу, отряддын бардык кызматкерлери Ички иштер министрлигинин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун жаңы бөлүгүнө өткөрүлүп берилди. Отряддын базасында жаңы бөлүк түзүлүп жатат.
Баңги заттарын контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын атайын күчтөрү - "Кыргый", баңги заттарын жүгүртүүгө бөгөт коюу, баңги заттарын саткандарга жана аны ташыгандарга каршы атайын операцияларын жүргүзүү үчүн түзүлгөн. Отряддын жоокерлери аба-десанттык даярдык көрүшөт, тоого чыгуу жана сууда сүзүү боюнча машыгуудан өтүшөт. 2009-жылы АКН таратылып, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат кайрадан түзүлгөн.
Чек ара кызматынын атайын күчтөрү "Бөрү" — республиканын түштүгүндө жайгашып, Ооганстандан келген баңги заттын соода жолу болгон Өзбекстан менен Тажикстан чек арасындагы заставага колдоо көрсөтөт. Отряд баңги аткезчилигинин алдын алуу боюнча "Кыргый" баңги заттарды контролдоо мамлекеттик кызматынын тобу менен тыгыз иштешет. Эгерде коңшу Тажикстан менен Өзбекстан тараптан террористтер кирип келсе, "Бөрү" отряды ашууларда тоскоолдуктарды уюштурат.
Жөө аскерлер
Жөө аскерлердин жабдуулар жана куралдануусу
IISS Аскердик балансына ылайык, 2019-жылга карата Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн карамагында төмөнкү жабдыктар болгон.
Жөө аскерлердин 2019-жылга карата курал-жарактары | |||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|
Түрү | Сүрөт | Өндүрүш | Аныктама | Саны | Жорум | ||
Танктар | |||||||
Т-72 | СССР | Негизги согуш танкы | 215 | ||||
Жоокерлердин согуштук машиналары | |||||||
БМП-1 | СССР | Жоокерлердин согуштук унаасы | 230 | ||||
БМП-2 | СССР | Жоокерлердин согуштук унаасы | 90 | ||||
Брондолгон чалгындоо унаалар | |||||||
БРДМ-2 | СССР | Согуштук чалгындоо унаасы | 55 | ||||
DongfengEQ2050 | Китай | Брондолгон унаа | 1500 чейин | Кыргыз Республикасынын 30 жылына карата корсотулгон. | |||
Бронетранспортерлор | |||||||
БТР-70 | СССР | бронетранспортёр | 130 | 25 БТР-70
20 БТР-70М | |||
БТР-80 | СССР | бронетранспортёр | 50 | ||||
Танкка каршы курал | |||||||
Малютка (ПТРК) | СССР | ПТРК | 26 | ||||
Конкурс | СССР | ПТРК | 12 | ||||
Фагот | СССР | ПТРК | 24 | ||||
Реактивдүү от тутумдары | |||||||
БМ-21 «Град» | СССР | РСЗО | 26 | ||||
БМ-27 «Ураган» | СССР | РСЗО | 24 | ||||
Артиллериялык тутумдар | |||||||
2С1 «Гвоздика» | СССР | 122 мм САУ | 18 | Өз алдынча жүрүүчү | |||
2С9 «Нона-С» | СССР | 120 мм САУ | 12 | Өз алдынча жүрүүчү | |||
1943-жыл (Д-1) үлгүсүндөгү
152-мм гаубица |
СССР | 152 мм | 20 | Сүйрөлүүчү | |||
122-мм гаубица Д-30 | СССР | 122 мм | 120 | Сүйрөлүүчү | |||
1938-жыл (М-30) үлгүсүндөгү
122-мм гаубица |
СССР | 122 мм | 35 | Сүйрөлүүчү | |||
M120 (миномёт) | США | 120 мм | 48 | 30 | |||
2С12 «Сани» | СССР | 120 мм миномёт | 6 | ||||
БС-3 | СССР | 100-мм сүйрөлүүчү мылтык | 18 | 2018-жылга карата | |||
Шилка | СССР | Өзү жүрүүчү чабуулга каршы курал | 24 | ||||
С-60 | СССР | чабуулга каршы мылтык | 24 | ||||
Стрела-10 | СССР | ЗРК | 4 |
Аскер-аба күчтөрү
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы
Улуттук Гвардия Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 1-декабрындагы жарлыгы менен түзүлгөн. Биринчи гвардиячылар (300 адам) 1992-жылдын 20-июлунда өз мекенине жана элине берилгендигин сактоого ант беришти. Бүгүнкү күндө гвардиянын курамы 1,5 миң гвардиячыны түзөт. Улуттук гвардия - бул конституциялык түзүлүштү жана мамлекеттин эгемендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүн коргоо, маанилүү мамлекеттик объектилерди кайтарууга катышуу, протоколдук иш-чараларды жана чет элдик делегацияларды тосуудагы жөрөлгөлөрдү камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жетекчилиги аныктаган башка маанилүү милдеттерин аткарууга жөндөмдүү, чоң потенциалы жана жогорку аскердик даярдыгы бар көз карандысыз аскердик түзүлүш. Кыргызстандын Президентине баш ийет. Кийинчерээк Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү Улуттук гвардияга киргизилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүндө табигый кырсыктар, эпидемия, ири авариялар жана катастрофалар, ошондой эле согуш аракеттеринин башталышы учурундагы иш-аракет үчүн жалпы саны 2 миң кишиден турган бөлүктөр түзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин иши аймактык-өндүрүштүк принципке ылайык уюштурулган. Министрликтин милдеттерин Коргоо министрлигинин бөлүктөрү, аскердик бөлүктөр жана түзүмдөр, өзгөчө кырдаалдарда куткаруу кызматтары жана бөлүктөрү аткарат. Ошондой эле министрликтин алдында Өрт коопсуздугу боюнча агенттиги бар.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлери жана сержанттары БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына катышууда. Коргоо министрлигинин кызматкерлери азыркы учурда Сьерра-Леонеде, Либерияда, Суданда, Чыгыш Тимордо, Эфиопияда жана Косоводо кызмат өтөшөт.
Коргоо министрлиги ошондой эле Тынчтык үчүн өнөктөштүк (ТҮӨ) программасынын алкагында НАТО өлкөлөрү менен иштешет. 2008-жылы 500дөн ашык кыргыз аскерлери ТҮШ программаларына катышты (тынчтык орнотуу операциялары, тил үйрөтүү, терроризмге жана баңги заттарынын жүгүртүлүшүнө каршы күрөш). 2001-жылдан бери Кыргызстан "Peace Shield" ("Тынчтык калканы") жана "Combined Endeavour" ("Биргелешкен аракет") машыгууларына катышып келет. 2007-жылы республика “Пландоо жана талдоо процесси” программасына кирген. Жыл сайын өлкөдө Кыргыз-Түрк жана Кыргыз-Америкалык атайын күчтөрдүн биргелешкен машыгуулары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тоо мылтык бригадасынын жана Франциянын Куралдуу Күчтөрүнүн 27-Тоолук жөө аскер бригадасынын катышуусунда тоого чыгуу боюнча машыгуу өткөрүлөт.
Россия Федерациясы менен дагы келишим бар, ага ылайык, Кыргызстандын жарандары Россиянын аскердик университеттеринде билим алышат.
Жалгыз жогорку аскердик окуу жайы - Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер Институту.
Офицерлерди даярдоо Россия Федерациясынын (негизинен), Казакстан Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын аскер мектептеринде жүргүзүлөт.
Аскерге чейинки билим берүү - Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Д. Асанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Аскер Лицейи.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.