From Wikipedia, the free encyclopedia
Кыргызстан 2020 жайкы Паралимпиада оюндарына спорттун 2 түрү боюнча 2 спортчусу менен катышкан[1][2]. Кыргызстан эгемен тарыхында жетинчи жолу Паралимпиада оюндарына катышуусу.
Кыргызстан Паралимпиада оюндарында | ||||
ЭОК коду: | KGZ | |||
УОК: | Кыргызстан улуттук олимпиада комитети | |||
Токиодогу Паралимпипада оюндары | ||||
Спортчулар | 2 спортчу 2 спорттун түрү боюнча | |||
Туучу | Арстанбек Базаркулов Хайитхон Хусан кызы |
|||
Медалдар | Алтын | Күмүш | Коло | Баардыгы |
' | 0 |
0 |
0 |
0 |
Жайкы Паралимпиада оюндарынын катышуучусу | ||||
1996 • 2000 • 2004 • 2008 • 2012 • 2016 • 2020 • 2024 • 2028 • 2032 | ||||
О. эле | ||||
|
Жайкы Паралимпиада оюндары 2020-жылы 24-августан 5-сентябрга чейин Жапониянын Токио шаарында өтүшү керек эле, бирок Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам, Олимпиада оюндарын ошондой эле Паралимпиада оюндарын 2021-жылга жылдырган[3].Паралимпиада оюндары 24-августан 5-сентябрга чейин Токио шаарында өткөн.
Кыргызстандын улуттук курамы | |||||
---|---|---|---|---|---|
N | Спортчулар | Спорттун түрү | Спорттун багыты | ||
1 | Арстанбек Базаркулов | Жеңил атлетика | Ядро ыргытуу F34 | ||
2 | Хайитхон Хусан кызы | Дзюдо | — 57 кг |
Арстанбек Базаркулов үч лицензиялык мелдешке катышуусунун жыйынтыгы боюнча паралимпиадалык нормативди аткарып, жолдомо алган. Ал 6-14-февраль күндөрү Дубай шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча Гран-при лицензиялык мелдешинде ядрону түртүү боюнча 5-орунду ээлеген. Тунисте өткөн Гран-при мелдешинде 4-орунду, ал эми Ноттвилде өткөн Гран-при мелдешинде 7,98 метр жыйынтыгы менен коло медаль жеңген.
Спортчу | Спорттун багыты | Жыйынтыгы | Оруну |
---|---|---|---|
Арстанбек Базаркулов | Ядро ыргытуу, F34 | 8:10 | 10 |
Арстанбек Базаркулов 4-сентябрда таймашка чыгып, ядрону 7,92 метр аралыкка ыргыткан.
Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо Паралимпиада оюндарына жолдомону 14-июлда алган. Спортчу 57 килограмм салмакта күч сынашат. Бул өлкө тарыхында биринчи жолу дзюдочу кыз Паралимпиадага катышат.
Хайитхон Хусан кызы 28-августта килемге чыгып, Казакстандык спортчу Даяна Федосовага жеңилип мелдешин жыйынтыктаган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.