Кыргызстан улуттук олимпиада комитети
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетти — эл аралык олимпиадалык кыймылда Кыргызстандын атынан чыккан уюм. 1991-жылы негизделген жана 1993-жылы ЭОКто катталган.
Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиада комитети | |
Мүчөлүк: |
ЭОК АОК |
---|---|
Штаб-квартирасы: | |
Уюмдун түрү: | |
Жетекчилери | |
Төрагасы |
Мамытов Садыр Куштарбекович |
Башкы катчысы |
Сарбагишев Кылычбек Карыпбекович |
Негизделген | |
Түзүлгөн | |
Катталган |
1993 |
olympic.kg |
Штаб-квартира Бишкекте жайгашкан. Эл аралык олимпиада комитетинин, Азия Олимпиада кеңешинин Archived 2022-09-26 at the Wayback Machine жана башка эл аралык спорт уюмдарынын мүчөсү.
Кыргызстандын олимпиадалык комитетинин тарыхы 1960-жылы Советтер Союзунун командасынын курамында Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын спортчусу Сайбаттал Мурсалимов Римдеги Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышканда башталган. 1960-1990-жылдары КирССРдеги олимпиадалык кыймыл өнүгүп, өлкөнүн турмушундагы позициясын бекемдеген. 1980-жылкы Олимпиада учурунда Кыргызстандын спортчулары 6 медаль, анын ичинде 5 алтын медалга ээ болушкан.
1991-жылы уюштуруучулардын Башкы ассамблеясы Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетин түзүү чечимин кабыл алган жана бул дата аны түзүүнүн расмий күнү болуп саналат. 1993-жылы сентябрда Кыргызстандын улуттук олипиадалык комитети эл аралык олимпиада комитети тарабынан биротоло таанылган. Кыргызстандын УОК Олимпиадалык Хартиянын жоболоруна, Кыргызстандын Конституциясына жана Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарына жана өзүнүн уставына ылайык иштейт.
Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары биринчи жолу 1994-жылы Лиллехамерада (Норвегия) өткөн кышкы Олимпиадада чыгып, ошондон бери бардык оюндарга катышып келет.
1992-жылкы жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын спортчулары бириккен команданын курамына кирген, буга чейин 1952-жылдан бери СССРдин туусу астында чыгып келишкен.
Өлкөнүн курама командасынын атынан биатлончу спортчу Евгения Роппель катышкан. Спринт жарышында ал 66-орунду, жеке жарышта 67-орунду ээлеген. Биринчи жарыш учурунда ал 17 жашта болгон.
Кыргызстандын курама командасы ачылыш аземине келбегендиктен, өлкөнүн желегин котормочу Торкел Энгенес көтөрүп чыккан.
Кыргызстан 1996-жылы АКШнын Атланта шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарына көз карандысыз өлкө катары биринчи жолу катышкан. Буга чейин кыргыз спортчулары 1992-жылы жайкы Олимпиада оюндарында курама команданы жакташкан.
Кыргызстандын УОК тарыхындагы эң жаш спортчу Руслан Исмаилов болгон. 2004-жылы Афинада өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышуу учурунда ал 14 жашта болчу. Ал эркектер арасында 200 метр аралыкка эркин стилде сууда сүзүү боюнча квалификацияга ээ болгон.
Кыргызстандан Олимпиада оюндарында эң улуу катышуучу Ирина Богачева болгон. Ал 43 жашта, 2004-жылы Афинада өткөн олимпиадага катышкан. Ал чуркоо боюнча алыскы марафонго катышкан.
Кыргызстандын спортчулары көз карандысыз команда катары чыгып, бардыгы болуп 7 олимпиадалык медалга ээ болушкан (3 күмүш жана 4 коло). Бардык медалдарды жайкы олимпиадаларда утуп алышкан.
- калкты дене тарбия жана спорт каражаттары менен дене бой жана руханий тарбиялоого көмөктөшүү;
- республикада жана эл аралык аренада спорттун позициясын бекемдөө жана кадыр-баркын көтөрүү.
- массалык спортту жана жогорку жетишкендиктер спортун өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- олимпиадалык кыймылдын маданий-тарбиялык потенциалын ишке ашыруу, адеп-ахлактык, эстетикалык жана башка гуманисттик баалуулуктарды өнүктүрүү, спорттогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү;
- Олимпиадалык кыймылды дүйнөлүк деңгээлде өнүктүрүү жана чыңдоо;
- республикада жана анын аймактарында олимпизм идеяларын жайылтуу;
- олимпиадалык билим берүүнү киргизүү;
- майыптардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусун уюштурууга көмөктөшүү, кайрымдуулук акцияларына катышуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүүнү уюштуруу.
аты-жөнү | ыйгарым укуктарынын башталышы | ыйгарым укуктарынын аягы | |
---|---|---|---|
1 | Эшим Кутманалиев | 1993 | 2004 |
2 | Баяман Эркимбаев | 2005 | 2006 |
3 | Мурат Саралинов | 2006 | 2015 |
4 | Шаршенбек Абдыкеримов | 2015 | 2021 |
5 | Садыр Мамытов | 2021 | азыркы учурга чейин |
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.