Кыргызстан-Тажикстан чек арасындагы куралдуу кагылыш (2021) From Wikipedia, the free encyclopedia
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыш — 2021-жылдын 28-апрелинен — 1-майга чейин чек аралаш аймактарда катталган, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон Кыргыз жарандары камераларды алып салууну талап кылган, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан. Маалыматтарга ылайык, ок атышуунун натыйжасынан Кыргыз Республикасынан 189 адам жабыркап, 36 адам каза болгон. Тажикстан Республикасынан 88 адам жабыркап 20 адам каза болгон.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыш | |||
Дата | |||
---|---|---|---|
Орун | |||
Себеп |
Кыргызстандын Көк-Таш айылына жакын жайгашкан Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушканы себеп болгон. | ||
Натыйжа |
Тынчтык келишими жана ок атууну токтотуу. | ||
Өзгөрүүлөр | |||
Каршы тараптар | |||
| |||
Колбашчылар | |||
| |||
Тарап күчтөрү | |||
| |||
Жоготуулар | |||
|
Тажикстан менен Кыргызстанды 900 чакырымдан ашык мамлекеттик чек ара бөлүп турат. Ошол эле учурда тилкенин жарымына жакыны тактала элек, ошол себептен эки мамлекеттин чек ара тургундары сууга, жайыттарга жана жолдорго байланыштуу көйгөйлөргө туш болушууда. Талаштуу аймактар эки өлкөнүн чек арасынын болжол менен 30% түзөт[6].
Жаңжал Исфара дарыясынын жогорку агымындагы Көк-Таш айылына жакын жерде жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү пункту боюнча башталды. Эки өлкөнүн бийликтери аны алардын аймагында деп эсептешет. Жазында жана жайында, айыл чарба жумуштары башталганда, сууну керектөө он эсеге көбөйүп, кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда чыр-чатактар күчөйт[6][7][8].
2021-жылы апрелде тажик тараптын өкүлдөрү суу алуучу жайдын жанына электр өткөргүчүнүн устунга видеокөзөмөлдөөчү камераларды орнотуп, суунун бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алышкан. Буга кыргыз тараптын өкүлдөрү ачууланып, 28-апрелде кыргыз чек арачылары жана полиция кызматкерлери постту кыйып башташты. Андан кийин тажик жана кыргыз тургундары бири-бирине таш ыргыта башташты[6][9][8].
29-апрелде таң эрте Тажикстандын Майский айылынын тургундары Ош — Исфана жолунун боюна өтүп бара жаткан унааларга таш ыргыта башташты. Тажик жарандарынан өтүп бара жаткан кыргыз жарандарынын унаалары мергенчилик мылтыктарынан аткыланды. Көк-Таш айылындагы аскер бөлүгү Тажикстан тараптан окко учту[9][8].
Тажикстандын жарандары Кыргызстандын эки районун бириктирген жолду, ал эми кыргыз тарап тажик Ворух анклавына барчу жолду жаап салышты[7].
Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, 29-апрелде болжол менен кечки саат бештерде тажик аскерлери «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук» чек ара бекеттерине, ошондой эле Кожогар жана Булак-Башы чек ара бекеттерине ок чыгарышкан. Минометтон аткылоонун натыйжасында «Достук» чек ара тозотунун имараты күйүп кетти.
Жаңжал Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районуна да жайылып, эки өлкөнүн чек арачылары чек арадагы Арка жана Максат кыргыз айылдарында катуу атышууларды башташкан[6].
Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, чыр-чатактын натыйжасында 33 кыргыз жараны каза болуп, 120дан ашуун адам жаракат алган (негизинен карапайым адамдар)[7].
Көк-Терек айылындагы 17 үй өрттөнүп кетти, башка айылдар дагы жабыркады, май куюучу жайлар өрттөлдү, дүкөндөр тонолду. 13 миңден ашуун кыргыз жарандары жаңжал чыккан аймактан эвакуацияланып, алар Баткен шаарындагы мектептердин имараттарына жайгаштырылды[10].
Тажик маалымат каражаттары тажик тараптан 90го жакын жаракат алып, 10го жакын адам өлгөнүн кабарлашты[10].
29-апрелдин кечинде Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин башчылары чек ара аймагындагы ок атышууну токтотуу, чек ара аймагындагы кырдаалды биргелешип кайтаруу жана көзөмөлдөө боюнча макулдашууга жетишишти.
Бирок, 30-апрелде өз ара аткылоо улантылды.
1-майда кыргыз бийлиги Тажикстандан мамлекеттердин ортосундагы чек ара аймагына аскердик техниканын өтүшүн жарыялап, алардын аймагын аткылаганын жарыялаган. Тажик бийлиги муну четке какты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 1-2-май күндөрү жаңжал учурунда курман болгондорго байланыштуу аза күтүү жарыялады, өлкөдө мамлекеттик желектер түшүрүлдү. Бишкекте митинг болуп, анын катышуучулары Кыргызстандын чек арасын коргоо үчүн аларга курал-жарак берүүнү талап кылышты[7].
1-майда Тажикстан менен Кыргызстандын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеринин төрагалары Саймумин Ятимов жана Камчыбек Ташиев баштаган делегациялар тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча пикир алышты. Топографиялык жумушчу топторго жакынкы аралыкта калган участоктордо мамлекеттик чек араны сүрөттөп баштоо тапшырмасы берилди. Аскердик техниканы тез арада алардын туруктуу жайгаштырыла турган жерлерине кайтарып берүү жөнүндө келишим түзүлдү[11].
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.