![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/05/%25D0%259A%25D1%2580%25D0%25B0%25D1%2581%25D0%25BD%25D0%25BE%25D0%25B4%25D0%25B0%25D1%2580.png/640px-%25D0%259A%25D1%2580%25D0%25B0%25D1%2581%25D0%25BD%25D0%25BE%25D0%25B4%25D0%25B0%25D1%2580.png&w=640&q=50)
Краснодар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Краснодар (1920-жылга чейин Екатеринодар) – Россия Федерациясындагы шаар. Краснодар крайынын административдик борбору. Кубань дарыясынын боюнда. Калкы 709,7 миң (2008). Темир жол бекети. Краснодар – өнөр-жайлуу ири борбор. Машина куруу (станок, радио жана электр ченегич приборлор, компрессорлор, айыл-чарба машиналары), нефть ажыратуу, химиялык (резина-техникалык өндүрүшү өнүккөн), жеңил (кебез-кездеме, камвол-нооту комбинаты, булгаары заводу), тамак-аш (май, майонез, ар кандай татымалдар, сыр, эт), жыгаччылык өнөр-жай ишканалары жана витамин, биохимиялык дары-дармектер, парфюмерия-косметика өндүрүшү, фарфор-фаянс заводу иштейт. Туризм үчүн чана (үйлөнмө), суу аттракциондору, бассейндер, рафт чыгарылат. Чиркөөлөр, соборлор ж. б. архитектуралык эстеликтер сакталган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин шаар кайрадан курулуп, оңдолгон. Кубань казак-орус аскерлеринин 200 жылдыгына обелиск, Екатерина IIге, генерал Л. Г. Корниловго эстеликтер тургузулган. Краснодар – Россиянын түштүгүндөгү илим менен билимдин ири очогу. Илим изилдөө институттары, университеттер (анын ичинде Кубань университети), институттар, китепканалар, театрлар, цирк, тарыхый-археологиялык, сүрөт музейлери бар.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/05/%D0%9A%D1%80%D0%B0%D1%81%D0%BD%D0%BE%D0%B4%D0%B0%D1%80.png/320px-%D0%9A%D1%80%D0%B0%D1%81%D0%BD%D0%BE%D0%B4%D0%B0%D1%80.png)
Чеп катары 1793-ж. негизделген. Эл аралык куурчак театр (1997-жылдан), кино (2005-жылдан) фестивалдары өткөрүлүп турат.