![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/b5/Dalian_Liaoning_China_Noodlemaker-01.jpg/640px-Dalian_Liaoning_China_Noodlemaker-01.jpg&w=640&q=50)
Кесме
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кесме – жука жайылган камырдан ичке кесилип, шорпого салына турган азык жана андан бышырылган ысык тамак. Буудай унуна туз, кээде жумуртка кошулуп, катуу жуурулган камырды жакшылап ийлеп, ийи жеткенде саамга тыныктырып коёт. Андан кийин чактап үзүп алып, аш тактанын бетине үбөлүк жана тегиз жукартып жаят. Жайылган камыр жабышпасын үчүн ун сээп, үбөлүккө ороп, кат-кат бүктөйт да, ичке кесет. Кесмени силкип, супаранын бетине жайып, тоборсугандан кийин унун күбүп, кайнап жаткан сорпого салат. Ошондой эле кой (уй) этин бөртүп туурап, майга кууруп, коруш-татымалдарды кошуп, үстүнө керегинче суу куюп, кайнаган шорпого Кесме салынып жасалган суюк тамак да Кесме деп аталат. Сүткө бышырылса сүт Кесме, нак шорпого бышканы шортек Кесме, кымыз, сүт, айран же сүзмө кошулганы катыкталган Кесме, куурулганы куурма Кесме делет. Кесмени бууга да бышырса болот. Учурда технологиялык жол жана чыгарылган Кесменин түрү көбөйүүдө.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/b5/Dalian_Liaoning_China_Noodlemaker-01.jpg/640px-Dalian_Liaoning_China_Noodlemaker-01.jpg)
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/73/Mama_instant_noodle_block.jpg/640px-Mama_instant_noodle_block.jpg)