Кентербери
From Wikipedia, the free encyclopedia
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кентербери – Улуу Британиянын түштүк-чыгышындагы шаар. Кент графтыгынын аймагында. Англикан чиркөөсүнүн башчысынын резиденциясы. Калкы 49,4 миң (2008).
Римдиктер тарабынан 1-кылымдын 2-жарымында чеп катары негизделген. Ыйык Августин аббатчылыгы (6–11-кылымдар; өлкөдөгү эң байыркы), Ыйык Мартин чиркөөсү (12-кылым; Рим курулуштарынын калдыктарын камтыйт), кафедралуу эң зор епископ собору (1075–77, шаардын үстүнөн көтөрүлүп чыгып турат; узундугу 160 м) Бүткүл 6үйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Бул собордо архиепископ Т. Бекет жана принц Эдуард (Кара принц) ж. б. сөөгү коюлган. Орто кылымда Кентербери китеп миниатюрасынын борборлорунун бири болгон. Кент университети (1965), Королдук музей (1858; сүрөт галереясы), К. Марло театры бар. Булгаары, тамак-аш, электр-техникалык жана полигр. өнөр-жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.