From Wikipedia, the free encyclopedia
Кельт тилдери – инди-европа семьясындагы тилдер. Ага галл, келтибер, ирланд, мэн, гэл (шотланд), валлий (кимр), корн жана бретон тилдери кирет. Галл тилдери биздин замандын 5-кылымына жакын, келтибер тили (Пиреней жарым аралынын батыш жана Борбордук бөлүгү) андан мурунураак жоюлган. Корн тилинде сүйлөгөндөр 18-кылымдын аягына чейин жашаган. Мэн тилинде Мэн аралында (Улуу Британия) жашаган бир аз гана адам сүйлөйт. Кельт тилдери континент (галл, кельтибер), бритт (валий, корн, бретон) жана гойдел (ирланд, гэл, мэн) бутагы деп үч топко бөлүнөт. Бритт бутагындагы тилдердин бөлүнүшү 6–8-кылымга, гойдел бутагы 12–13-кылымга таандык. Акценттик факторлордун таасиринде азыркы Кельт тилдеринде акыркы муундар жоюла баштаган. Ирланд тилинде аз болсо да жөндөмө сакталып калган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.