Кейп-Йорк – Австралиянын түндүк-чыгышындагы жарым арал. Коралл (Шуру) деңизи менен Карпентария булуңунун аралыгында. Аянты 300 миң км2. Түндүктөн түштүктү карай 600 кмге созулат, жазылыгы 200 кмге чейин. Түндүгүндө Австралиянын эң Түндүк чекити – Йорк тумшугу жайгашкан. Жеринин бети негизинен түздүктүү; чыгыш бөлүгүндө Мак-Илрейт кырка тоосу жайгашкан (эң бийик жери 685 м, Картер чокусу). Негизги дарыялары – Уэнлак, Арчер. Боксит кени казылып алынат (Уэйпада). Эвкалипт токою, чыгышында дайыма жашыл нымдуу жана тропик токою басымдуу. Жардин-Ривер, Арчер-Бенд улуттук парктары бар. Жээгинде Порт-Стьюарт порту жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.