Кварц сааты – сааттын жүрүшү кварц генераторунун термелүүсү менен аныкталып, убакытты так эсептөөчү курал.

Thumb
Thumb
Заманбап кварц сааты.

Убакытты эсептөөнүн тактыгы кварц генераторунун термелүү жыштыгынын туруктуулугуна жана анын сапаттуулугуна көзкаранды. Кварц сааттарда генератордон башка термелүү жыштыгын өзгөрткүч, синхрондуу кыймылдаткыч жана так убакыттын сигналын берүүчү тиймектүү түзүлүштөр бар. Кичине өлчөмдөгү батарея менен иштейт, циферблаттын милдетин суюк кристалл аткарат.

Кол кварц саатынын кээ бир моделинде секундомери, ойготкучу жана календары бар. Кварц саатынын жардамы менен убакыттын интервалын 10 – 10 тактыкка чейин өлчөөгө болот.

Физика: Энциклопедиялык окуу куралы

Кварц сааттары ⎯ кварц генераторунун термелиши менен аныкталган, убакытты так өлчөөгө мүмкүндүк берүүчү аспап.

Убакытты өлчөө тактыгы кварц резонаторунун термелүү жыштыгынын туруктуулугуна жана анын сапатына шартталган. Кварц резонаторунун ω жыштыгы температурага көзкаранды болгондуктан (10 С ге туура келүүчү сезгичтиги Δω⁄ω≤10-8), аны 0,0010С тактыкка чейинки туруктуу температурада кармалып турган термостатка жайгаштырышат. Кварц сааттары кварц генераторунан сырткары, термелүү жыштыгын өзгөртүүчү (жыштыкты бөлүштүрүүчү жана көбөйтүүчү), синхрондук кыймылдаткычтан, кыймылга келүүчү саат жебесинен (же сандык эсептөөчү түзүлүш) жана так убакыт сигналдарын берүүчү контакттык түзүлүштөн турат. Кварц сааттары негизинен өлчөө иштери үчүн колдонулуучу стандарттык жыштыктардын жыйындысы менен жабдылган.

Турмуштук Кварц сааттарында кварц резонаторунун термелүүсү сандык эсептөө түзүлүшүн башкаруучу сигналдарды иштеп чыгуучу микросхема аркылуу ишке ашырылат. Азыктануу кичине көлөмдүү батареялар аркылуу ишке ашат, циферблат негизинен суюк кристаллдардан турат. Кол Кварц сааттарынын айрым моделдери секунданын режиминде же будилңник режиминде иштешет жана календарь менен камсыздалат.

Кошумча макалалар

Колдонулган адабияттар

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.