From Wikipedia, the free encyclopedia
Карышкырлар (лат. Canis) — жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн ит сымалдар тукумундагы уруусу. Дене узундугу 70–160 см, куйругунун узундугу 20–50 см. Буттары узун, жылына 2 жолу түлөйт. 6 түрү Евразия, Африка, Америка, Гренландияда кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Жаныбарлар менен азыктанат. Көбүнчө мал жайытында, талаа, чөлдө жашайт. Түсү сур, тундра карышкырлары куу, чөл карышкырлары саргыч. Өмүр бою жубу менен, кээде кышкысын үйүр болуп жүрүшөт. Ылаңдаган же өлгөн жаныбарды жеп, санитар ролун аткарат; табигый биоценоздо туяктуулардын санын жөнгө салып турат. 62–75 күн көтөрүп, 3–13 (демейде 4–6) бөлтүрүк тууйт. Бир айдан кийин аларды эт жегенге үйрөтөт. Күзүндө эле бөлтүрүктөр чоңдор менен кошо жашап, жаныбарларга кол салат. Мал чарбасына зыян келтирет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.