Каракол чокусу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Каракол чокусу – Тескей Ала-Тоонун эң бийик жери. Каракол шаарынан 48 км Түштүк тарапта. Бийиктиги 5280 м. Шуштугуй, Түндүк жана Түштүк тарапка салааланган кырлар кетет. Муздук менен капталган.
Мөңгүлөрү: Каракол, Айланыш, Чыгыш Кичи Борду, Оң-Төр, Чоң Борду, Көл-Төр. Каракол мөңгүсүнөн Каракол суусу башталат. Каракол чокусуна алгачкы чыккандар: Н. Попов, Г. Белоглазов, В. Рацек, К. Байгазинов (1937-жылы 3-август).