![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/e6/M%25E1%25BB%2599t_g%25C3%25B3c_TP.C%25E1%25BA%25A7n_Th%25C6%25A1..jpg/640px-M%25E1%25BB%2599t_g%25C3%25B3c_TP.C%25E1%25BA%25A7n_Th%25C6%25A1..jpg&w=640&q=50)
Кантхо
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кантхо – Вьетнамдын түштүк-батышындагы борборго баш ийген шаар. Хошимин шаарынан 170 км түштүк-батышта, Меконг – Бассак (Хау) дарыясынын башкы салаасынын биринде жайгашкан башкы шаар. Калкы 268,7 миң (2008; агломерациясында 1,2 млн). Жолдор тоому. Деңиз порту. Аэропорту бар.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/e6/M%E1%BB%99t_g%C3%B3c_TP.C%E1%BA%A7n_Th%C6%A1..jpg/640px-M%E1%BB%99t_g%C3%B3c_TP.C%E1%BA%A7n_Th%C6%A1..jpg)
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/32/CanThoBridge.jpg/320px-CanThoBridge.jpg)
1739-жылы негизделген. 1991 – 2004-жылдары Кантхо провинциясынын административдик борбору болгон. Будда пагодалары, калкыма базарлар, университет (Күрүч Илим Изилдөө институту менен) бар. Күрүчтү экспорттоо боюнча дүйнөдөгү эң ири борбор. «Чанок» жана «Хунгфу» индустрия парктары, жашылча-жемиш консерва, кант өндүрүшү, пиво кайнатуу заводдору, текстиль, кеме куруу өнөр-жай ишканалары иштейт.