Кантабрия тоолору – Испаниянын түндүгүндө, Атлантика океанындагы Бискайя булуңун жээктей 500 кмге созулат. Бийиктиги 2648 мге чейин. Түндүк капталдары тик, аскалуу, дарыялардын капчыгай сымал кууш өрөөндөрү менен терең тилмеленген, Месетага караган Түштүк капталы жантайыңкы. Кантабрия тоолору герцин бүктөлүү структурасына кирет. Бийик батыш бөлүгү (Астурия кырка тоосунун Орточо бийиктиги 2000 м чамасында) рельефинин татаалдыгы менен өзгөчөлөнөт, жапызыраак чыгышынын (1000–1500 м) тоо кырлары жана капталдары жайпагыраак келет. Карст рельефи (үңкүр, туңгуюк жана башка) кеңири таралган. Жаан-чачын көбүрөөк жааган Түндүк капталдарына жазы жалбырактуу жана аралаш токой (эмен, бук, каштан, кызыл карагай), түштүгүнө ксерофит бадалдары, 1800 м бийиктен өйдө альп шалбаасы мүнөздүү. Таш көмүр, темир жана полиметалл кендери бар.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.