From Wikipedia, the free encyclopedia
Каниметова, Гүлайым - театр жана кино актрисасы. КМШ мамлекеттеринин театр искусствосунун жарык жылдызы. Кыргыз кино жана театр актрисаларынын башатында турган зор, масштабдуу талант!
Каниметова, Гүлайым | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Каниметова Гүлайым Кызайбаевна |
Туулган жылы: | 1949-жыл |
Туулган жери: | Тасма айылы, Түп району, Кыргызстан |
Өлкө: | СССР→<noinclude> Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | театр артисти |
Наамдары: |
Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991). Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси (2002) |
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1978). Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991). Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси (2002). III даражадагы Манас орденинин ээси (2021).
Каниметова, Гүлайым 1972-жылы Москвадагы Л. В. Луначарский атындагы театр өнөрү институтун актёрдук факультетин бүтүргөн. Окуу жайын бүтүрүүчүлөрү менен Ош кыргыз драма театрын ачышкан, ал театрда 1992-жылга чейин эмгектенген.
1992-жылдан Чүй облустук Шаршен атындагы куудулдар театрында иштейт. Анын жараткан образдары өзүнүн эмоциалдуулугу, таасын табылган кайталангыс-мүнөздөрү курч сатиралык багыты менен айырмаланат.
Электра (Л. Дюрко, «Электра»)
Каракөз (М. Ауэзов, «Каракөз»)
Жаңыл мырза (К. Маликов, «Жаңыл мырза»)
Зейнеп (Б. Жакиев, «Күттүргөн жаз да келээр»)
Официантка (Б. Жакиев, «Жолугушуу»)
Тамара (Б. Жакиев, «Эртең жаңы жыл»)
Мария (И. Друце, «Ыйыктын ыйыгы»)
Настя (М. Горький, «Түпкүрдө»)
Гертруда (У. Шекспир, «Гамлет»)
Замзагүл (М. Карим, «Жөө Махмуд»)
Дарыйка (Б. Өмүралиев, «Жүз катын »)
Нуракова (М. Мамазаирова, «Наристеге арналган гүлдесте»)
Сейде (Ч. Айтматов, «Бетме-бет»)
Асель (Ч. Айтматов, «Делбирим»)
Алмагүл (Ч. Айтматов, «Фудзиямадагы кадыр түн»)
Толгонай (Ч. Айтматов, "Саманчынын жолу" ("Эсимде" деген ат менен коюлган)
Калыйча (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»)
Чүкөдөй (Т. Абдумомунов «Жыгылган оогонго күлөт»)
Сейдене (Т. Абдумомунов, «Алдар көсө»)
Катерина Измайлова (Н. Лесков, «Мцен аймагындагы айым Макбет»)
Курманжан (Т. Касымбеков, К. Сактанов, "Курманжан-датка")
Өлөрман эне (Б. Брехт, "Өлөрман эне жана анын балдары") ж. б.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.