Камп Ноу
From Wikipedia, the free encyclopedia
«Камп Ноу»[1] (кат. Camp Nou, [ˈkam ˈnɔw][2], которулушу «Жаңы талаа») — «Барселона ФК» стадиону. 1957-жылы стадиондун ачылышы болгон. Алгачкы учурда стадион каталандыктардын тили менен Estadi del FC Barcelona («Барселона» футболдук клубунун стадиону) деп аталган.
«Камп Ноу» стадионуна 99 354 көрүүчү батат [3]; ошону менен катар эле сыйымдуулугу боюнча Испаниядагы жана Европадагы эң чоң стадиондордун катарын толуктайт. Бул стадион көрүүчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча мексикалыктардын «Ацтека» стадионунан кийинки экинчи оорунда турат.
«Камп Ноу» стадиону 1964-жылы футбол боюнча Европа чемпиондугун, 1982-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты жана 1992-жылы футбол боюнча жайкы олимпиадалык турнерди кабыл алган. Еврокубоктун алкагында бир канча оюндарды жана финалдык оюндарды өткөргөн. Бир гана футболдук оюндар менен чектелбестен, Фрэнк Синатра, Майкл Жексон сыяктуу атактуу эстрада жылдыздарынын концерттери көрүүчүлөргө тартууланган.