![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/8e/MontagemCampoGrande.jpg/640px-MontagemCampoGrande.jpg&w=640&q=50)
Кампу-гранди
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кампу-гранди — Бразилиядагы шаар. МотуГросу штатынын административдик борбору. Калкы 791,2 миң (2008). К.-Г. аркылуу федерациялык үч автотрасса (Парагвай, Боливия жана Уругвайдын чек арасы аркылуу) өтөт. Эл аралык аэропорту бар.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/8e/MontagemCampoGrande.jpg/320px-MontagemCampoGrande.jpg)
1870-жылы негизделген. Носа-Сеньора-да-Абадия собору, Сан-Бенедиту чиркөөсү, ратуша жана университеттер (анын ичинен католик, федерация жана башка), музейлер бар. Тамак-аш (эт жана аны тоңдуруп сактоо), курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Шаарга жакын эл аралык маанидеги автодром жана картодром бар. Кампу-Грандиден Пантаналга (коргоого алынган табигый аймак; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бир нече туристтик маршрут кетет.