From Wikipedia, the free encyclopedia
Камагуэши — Кубадагы шаар. Камагуэй провинциясынын административдик борбору. Атибонико дарыясынын өрөөнүндө, Гаванадан түштүк-чыгышта жайгашкан. Калкы 309,5 миң (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Гавана, Сантьяго-де-Кубадан кийин). Эл аралык аэропорту бар.
1514-жылы Кубанын губернатору Веласкес де Куэльяр тарабынан негизделген. 1817-жылдан шаар статусуна ээ. 1903жылдан азыркыдай аталат. Чиркөөлөр, ак сарайлар, театрлар, бир нече ири аянттар сакталган. Илимий-изилдөө мекемелер (анын ичинен информатика жана технология башкармалыгы), айлана-чөйрөнү изилдөө борборлору, университет, китепкана, архив, край таануу музейи, сүрөт галереясы бар. Шаардын өнөр жай ишканалары негизинен айыл чарба продуктуларын белендөөгө адистешкен. Сүт өндүрүү боюнча өлкөдө алдыңкы орунду ээлейт (жылына 70 млн л). Пиво жана суусундуктарды куюу өндүрүшү (Кубадагы эң ири), курулуш материалдар, минералдык жер семирткичтер жана резинадан буюм жасоочу өнөр жай ишканалары иштейт.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.